Жайыл районунун Арал айылында жаңы парк пайда болот

Жайыл районунун Арал айылында жаңы парк пайда болот.

 

Долбоордун эскизи даярдалганын Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, парктын эскиздик долбоору Жайыл районунун шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан даярдалып, өз алдынча башкаруу органдарына сунушталды.

 

Эс алуу аймагынын жалпы аянты 1 гектардан ашат.