Бишкек үчүн жаңы генералдык план иштелип чыгат.
“Бишкек башкы архитектуранын” башчысы Урмат Карыбаевдин айтымында, бул ордо калаада пилоттук режимде административдик-аймактык реформа өткөрүлүп жатканына байланыштуу.
Жаңы генплан 2050-жылга чейин өнүктүрүү боюнча стратегиялык документ болот. Кошумчалап кетсек, реформанын алкагында Бишкекке бир катар жакын жайгашкан айылдар кошулат. Мунун менен ордо калаанын аймагы дээрлик 3 эсе чоңоет.