Ала-Бука районунда кичи футбол аянтчасы пайдаланууга берилди

Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылында жаңы заманбап кичи футбол аянтчасы курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, спорт аянтчасы Ала-Бука айыл өкмөтү тарабынан каржыланып, «Мискен курулуш» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан курулду.

Аталган аземге Ала-Бука районунун акими Кайырбек Чаргынбаев, Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы Самат Койчумбаев, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын төрагасы Адыл Умаров, жергиликтүү тургундар жана спорт ышкыбоздору катышты.

 

Ачылышта аким Чаргынбаев сөз сүйлөп, спорттук аянтчанын курулушуна колдоо көрсөткөн бардык тараптарга ыраазычылык билдирди.