Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жаңы мектеп курулууда

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жаңы мектеп курулууда. Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, объект 225 окуучуга чакталып, Курулуш айылында жайгашат.

 

Иштер 2022-жылы башталып, каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн. Долбоорду ишке ашыруунун баасы 141 миллион сомду түзөт.

 

Эки кабаттуу окуу корпусунан тышкары мектепте өтмөк галерея, спорт зал, отказан жана көмүр сактоочу жай каралган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.