Нарын облусунда жаңы мектеп курулду

Нарын облусунда жаңы мектеп курулду.

 

Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин маалыматына ылайык, жалпы билим берүү мекемеси Кочкор районунун Ак-Кыя айылында жайгашат.

 

Имарат 150 орунга чакталат. Бул жерде окуу класстарынан тышкары, химия, физика, биология сабактары үчүн атайын жабдылган лабораториялар дагы бар. Андан тышкары, китепкана, ашкана, медициналык кабинет, спорт зал каралган.