Жергиликтүү кеңеш шайлоосунда электрондук добуш берүү дагы 2 аймакта өтөт

Жергиликтүү кеңеш шайлоосунда электрондук добуш берүү дагы 2 аймакта өтөт. БШКдан белгилешкендей, жаңы формат сыноо иретинде Баткен районунун Самаркандек айыл кеңешинде гана өтмөк.

 

Бирок Ак-Сай жана Ак-Татыр айыл аймактарынын тургундары дагы электрондук добуш берүү системасын колдонууну суранды. Бул алардын көбү шайлоо күнү башка жерде болгонуна байланыштуу.

 

Комиссия мүчөлөрү техникалык мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен бул эки аймакта дагы электрондук добуш берүүнү киргизүүнү туура көрдү. Эске салсак, Баткен, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарында айылдык кеңеш депутаттарын шайлоо 9-апрелде өтөт.