Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо онлайн форматта жүргүзүлүп жатат

Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо онлайн форматта жүргүзүлүп жатат. Каттоонун жол-жобосу тууралуу кененирээк Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева айтып берет.

 

Каттоого мүмкүндүк алыш үчүн атайын системага кирүү үчүн абитуриенттер өздөрүнүн документтерин электрондук форматта жүктөшү керек. Мүмкүндүктү окуп жаткан жериндеги мисалы окууну бүтүп жаткан болсо, окуп жаткан жеринен атайын жооптуу адистерден алышат, аларга пароль, логиндер берилет. Ал эми мурдагы жылдардын бүтүрүүчүлөрү райондук же шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн адистеринен алышат

 

Эске салсак, жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 7-апрелде аяктайт.