Жибек-Жолу проспектисинин түштүк тарабынын бир бөлүгү жабылат

23-июндан тарта Бишкектин Жибек-Жолу проспектисинде жолду капиталдык оңдоо иштери башталат.

 

Муниципалитеттен билдиришкендей, жумуштар бир нече этап менен жүрөт. Ага ылайык аталган көчөнүн Тоголок Молдо көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейин жолдун түштүк тарабы жабылат.

 

Белгилеп кетсек, унаа тыгынын алдын алуу максатында жолдун түндүк жана түштүк тарабы өз-өзүнчө жасалат.