Жогорку Кеңеш Аскар Акаевге экс-президент макамын кайтаруудан баш тартты

Жогорку Кеңеш Аскар Акаевге экс-президент макамын кайтаруудан баш тартты. Мурдагы өлкө башчынын арызы парламентте бүгүн каралды. 71 депутат кайтарып берүүдөн баш тартууну колдосо, 2 депутат каршы болду.

 

Эске салсак, Аскар Акаев Кыргызстандын биринчи президенти. Ал үч мөөнөт бою өлкөнү башкарган.  2005-жылдын 24-мартындагы революцияда Кыргызстандан качып кеткен. Москвада отурукташып, МГУда сабак берген.