Боом капчыгайында кооптуу таштарды түшүрүү иштери кийинки жумада дагы аткарылат. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, 22-майдан 25-майга чейин Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 131-чакырымында коркунуч жараткан таштар атайылап түшүрүлөт.
Буга байланыштуу эртең мененки саат 9дан күндүзгү 3кө чейин транспорт бир тилке менен өткөрүлөт.