Кыргызстанда 24.01.24 сандарын камтыган кооз датада 184 түгөй баш кошту. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Аталган министрликке караштуу Калкты каттоо департаменти былтыр республика боюнча дээрлик 45 миң никени каттаган. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 1 миң 400гө көп.
Ал эми бүгүнкү күнгө карата 2 миң 800дөн ашык түгөй никеге турган.