Майлуу-Сууда 340тай абонентке жылуулук бериле элек

Катуу суукта отказандар иштен чыккан Майлуу-Суу шаарында 340тай абонентке жылуулук бериле элек. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда парламент жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди. Анын айтымында, учурда 1,7 миңей абонент жылуулук ала баштады.

«Бүгүн суу боюнча маселеси чечилет. Отказандардын бардыгы ишке кирет. Бул энергетиктердин эмес, Суу каналдын маселеси экен. Ошого карабай Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Жылуулук энергонун балдары иштеп жатат. Азыр бир трансформаторго күч келип жаткан экен, аны алмаштырууга запас бар бизде. Ошону алмаштырабыз. От казандар толук иштемейинче, электр энергия менен колдонуп турушат», — деди Ибарев.

Майлуу-Сууда 12-январда катуу сууктун айынан суу түтүктөрү тоңуп, жылуулук берүү жана суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган. Шаарда өзгөчө кырдаал жарыяланган.

17-январга карата эки отказандын иши калыбына келтирилген.

Башкы прокуратура Майлуу-Суу шаарындагы от казандардын иштен чыгышына алып келген авария боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканын «Азаттыкка» ырастаган.

Жогорку Кеңештин депутаттары шаршембидеги жыйында Майлуу-Суудагы от казандардын тоңуп калган себептерин жана күнөөлүүлөрдү аныктоо үчүн комиссия түзүүнү сунуш кылышты.