Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылына ачылды

Бишкекте Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, аталган көчөнүн Горький көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү магистралдык жылуулук тармактарын реконструкциялоо иштери аяктады. Ал эми Медеров көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейин жайгашкан жылуулук тармагынын калган тилкелеринде иштер ушул айдын аягына чейин бүткөрүлөт.

 

Эске салсак, «Бишкек жылуулук тармагы» ишканасы Жукеев-Пудовкин көчөсүн бойлой магистралдык жылуулук тармагын масштабдуу реконструкциялоодо.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.