Бишкекте №103 маршруттук таксинин ордуна автобустар кое берилди

Бишкекте №103 маршруттук таксинин ордуна автобустар кое берилди. Мэриянын маалыматына ылайык, каттам Садырбаев көчөсүнөн Чоң-Арык айылына чейин барат.

 

Анын жалпы узундугу 35 чакырымды түзөт. Автобустар 6-8 мүнөттүк аралык менен жүрөт. Жалпысынан линияга 20 автобус кое берилди.