Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт. Мэриянын маалыматына караганда, 28-мартта эртең мененки саат 9дан кечки 10го чейин шаардын Красный строитель, Ак-Тилек, Көлмө, Алтын-Бешик жана Салам-Алик конуштарына, ошондой эле Күрөңкеев, Абдрахманов, Элебесов, Бельский көчөлөрү, Ала-Арча дарыясы, Жибек Жолу проспектиси, Жаш Гвардия бульвары, Чоң Чүй каналы, Саадаев көчөсү менен чектелген аймакта суу берүү токтотулат.

 

Мунун себеби оңдоо иштерине байланыштуу.