“Сосновкада” оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды
“Сосновкада” оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти. Чектөөлөр бүгүн эртең менен аба-ырайынын начар шарттарынан улам киргизилген. Учурда “Сосновка” өткөрүү түйүнү аркылуу транспорттун бардык түрү тоскоолдуксуз жүрүүдө. Айдоочуларга жол эрежелерин так сактап, этият болуу сунушталат.