Кар көчкү түшүп жабылып калган Чаткалдагы жол ачыла элек

Кар көчкү түшүп жабылып калган Чаткалдагы жол ачыла элек. Novosti.kgге Унаа жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Красная Горка – Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымында кар көчкү түшүү коркунучу кайрадан сакталып тургандыктан трасса тазаланган жок. Эске салсак, Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районундагы аталган жолго кечээ… Кененирээк…

ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

Кыргызстандын аймагында 11-январдан тарта аба ырайы кескин төмөндөп, кар жаап, жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ведомство алыскы жолго чыгууда дарылардын топтомун, ысык суу, жол азыгын, күрөк жана дөңгөлөк чынжырчасын ала жүрүүнү сунуштайт. Мындан… Кененирээк…

Кыргызстанда фонограмма менен ырдоого тыюу салынды

Жаңы жылдан тарта Кыргызстанда мамлекеттик жана ири иш-чараларда фонограмма менен ырдоого тыюу салынды. Тиешелүү буйрукка маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов кол койду. Документке ылайык, эми театрда, кинозалда, музейде, клубда, китепканаларда жана спорттук имараттарда фонограмма менен ырдоого болбойт. Талап аткарылбаган учурда иш-чараны… Кененирээк…

ӨКМ: негизги трассаларда сак болуу сунушталат

Кыргызгидромет кызматы бүгүнтөн тарта 11-январга чейинки жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда, Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөк ашууларында, Чычкан капчыгайында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолунда, Чапчыма ашуусунда кар көчкү түшүп, кар күрткүсү пайда болушу ыктымалдыгын эскертти. Айдоочуларга жогорудагы трассаларда сак болуу сунушталат.

Чаткалда кар көчкү түшүп, каттам эки тараптуу жабылды

Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун аймагындагы Красная Горка – Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымына кар көчкү түшүп жол толугу менен жабылып калды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, түшкөн кар көчкүнүн көлөмү 7 миң 725 куб метрге жетет. Учурда жол тейлөө ишканасынан жана Чаткал… Кененирээк…

«Камбар-Ата-1» ГЭСин куруунун “жол картасы” боюнча макулдашууга кол коюлду

«Камбар-Ата-1» ГЭСин башкаруу үчүн Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын ортосунда биргелешкен ишкана түзүлөт. Бул тууралуу «Азаттыкка» Энергетика министринин орун басары Мирлан Жакыпов билдирди. Биргелешкен ишкана “Камбар-Ата-1” ГЭСи курулуп бүткөндөн кийин ГЭСти башкарат жана анын 34 пайызы Кыргызстанга таандык болот. Ал эми Казакстан менен Өзбекстанга 33 пайыздан… Кененирээк…