Тоннасы 4 миң сомдук көмүр паспорт менен гана сатылат

Тоннасы 4 миң сомдук көмүр паспорт менен гана сатылат. Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Андан тышкары, жарандар жашаган жеринин дарегин катташы керек болот, ал эми бир колго 2 тоннадан ашык кара отун сатылбайт.

 

Ишканадан белгилешкендей, жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына жеңилдетилген көмүр берилбейт.

 

Буга соңку кездерде кара отунду арзаныраак сатып алып, кайра 5 миң сомдон сатып жаткан ортомчулардын көбөйүп кеткени себеп болду.