Жалал-Абадда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кечээ, 9-январь күнү саат 22:52де Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып ӨКМ билдирди. Жер титирөө Сузак районунун Ак-Терек, Жийде, Кыргызстан айылдарында жана Көк-Жаңгак шаарында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган… Кененирээк…

Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча өлкө чемпионаты өтөт

Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча өлкө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Спорттук иш-чара 21-22-январь күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында уюштурулат. Мелдеш Күрөш дүйнөсү уюму бекиткен эрежелердин негизинде өткөрүлөт. Чемпионат улуттук курама команданы түзүү, спортчулардын чеберчилигин жогорулатуу жана жаштар арасында… Кененирээк…

Сауд Аравия быйылкы ажылыкка Кыргызстан үчүн 6 миң квота бөлдү

Сауд Аравия быйылкы ажылыкка Кыргызстан үчүн 6 миң квота бөлдү. Кыргызстан мусулмандар Дин башкармалыгы билдиргендей, бул тууралуу муфтий Замир Ракиев менен араб падышачылыгынын ажылык министринин орун басары Абдель Фаттах бин Сулеймандын жолугушуусунда белгилүү болду. Белгилеп кетсек, 2019-жылдан бери ажылыктын электрондук базасында 4 миң 300дөн ашык… Кененирээк…

Узартылган кышкы эс алуу бала бакчаларга тиешелүү болбойт

Узартылган кышкы эс алуу бала бакчаларга тиешелүү болбойт. Бул тууралуу Novosti.kgге Билим берүү министрлигинен билдиришти. Ведомство мектепке чейинки мекемелердин иши эпидемиологиялык абалга жараша болорун белгилейт. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда окуучулардын кышкы эс алуусу 16-январга чейин узартылды. Бул алдыңкы күндөрдө күтүлүп жаткан катуу суукка байланыштуу кабыл алынган… Кененирээк…

Красная Горка — Ак-Таш унаа жолу ачылды

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Красная Горка — Ак-Таш унаа жолу ачылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда учурда унаалардын өтүүсүнө эч кандай чектөө жок. Эске салсак, 8-январда аталган трассанын 1-4-чакырымында 7 миң 725 куб метрлик кар көчкү түшүп, каттам толугу менен жабылып калган.

Караколдо эл аралык аэропорт курулууда

Караколдо эл аралык аэропорт курулууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына жазды. Ал ишендиргендей, жаңы аба майдан жайында ишке берилет. Бул аэропорт бүтөөрү менен Нарын, Казарман, Кербен, Талас аэропорттору оңдоодон өтөт. Ички аба каттамдарды жандантабыз, — деди мамлекет башчы.

Бишкектен Сиань шаарына түз аба каттамы ачылат

Бишкектен Сиань шаарына түз аба каттамы ачылат. “Манас” эл аралык аэропортунун маалыматына ылайык, Кытайдын ири шаарларынын бирине туруктуу каттамдар алгачкы ирет кое берилет. Биринчи учак аталган багыт менен 11-февралга белгиленди.   Андан кийин Бишкек – Сиань каттамы жумасына бир жолу, жекшемби күндөрү аткарылат.

Бишкекте таштанды чыгаруу үчүн тарифти жогорулатуу сунушталды

Бишкекте таштанды чыгаруу үчүн тарифти жогорулатуу сунушталды. Документ шаардык кеңештин сайтында жарыяланды. Ал эми демилге мэрияга таандык. Жаңы эсептөөлөргө ылайык, катардагы жарандар үчүн тариф киши башына 22 сом 50 тыйындын ордуна 41 сомду түзүп калат.   Чарбачылык субъектилерге 1 кубометрге 361 сом. Азыркы тариф 225… Кененирээк…

Тайланд буга чейин коронавируска байланыштуу жарыяланган чектөөлөрдү кайра алып салды

Тайланд буга чейин коронавируска байланыштуу жарыяланган чектөөлөрдү кайра алып салды. Бийликтин чечими менен бүгүнтөн тарта өлкө аймагына кирген чет элдиктер вакцинация боюнча сертификатын көрсөтүшү керек болчу.   Бирок көп өтпөй эксперттер дүйнө элдеринин көбү эмдөө алганын эске алуу менен бул чечимди жокко чыгарды.

«Тазалык» ишканасына жаңы жетекчи дайындалды

«Тазалык» муниципалдык ишканасына жаңы директор болуп Рамиз Алиев дайындалды. Бул тууралуу шаардык муниципалитет билдирди. Аталган ишкананы Нурлан Касымов жетектеп келген. Ал эми Алиев буга чейин «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын бөлүм башчысы болуп иштеген. Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.