«Тазалык» ишканасына жаңы жетекчи дайындалды

«Тазалык» муниципалдык ишканасына жаңы директор болуп Рамиз Алиев дайындалды. Бул тууралуу шаардык муниципалитет билдирди.
Аталган ишкананы Нурлан Касымов жетектеп келген.
Ал эми Алиев буга чейин «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын бөлүм башчысы болуп иштеген.
Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.