Кыргызстанда быйыл 7 миллион бак отургузуу пландалды
Кыргызстанда быйыл 7 миллион бак отургузуу пландалды. Жаратылыш ресурстары жана экология министрлигинин маалыматына ылайык, көчөттөрдү тигүү иштери “Жашыл мурас” улуттук кампаниясынын алкагында жүргүзүлөт. Ведомстводон кошумчалашкандай, өткөн жылы өлкө аймагында 8 миллион бак отургузулуп, анын 70 пайызы өсүп кеткен.