Кытай менен Венгриянын ЖОЖдоруна кабыл алуу 15-январга чейин узартылды

Кытай менен Венгриянын жогорку окуу жайларына сынактык тандоого катышуу үчүн документтерди кабыл алуу 15-январга чейин узартылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Министрлик кыргызстандыктарга Венгриянын ЖОЖдорунун бакалавриат, бир деңгээлдүү магистратура, магистратура жана докторантура программалары боюнча венгр же англис тилдеринде окууга гранттар… Кененирээк…

Саламаттыкты сактоо министрлиги кышкы каникулду узартууну сунуштады

Саламаттык сактоо министрлиги катаал аба ырайына байланыштуу окуучулардын кышкы эс алуусун 16-январга чейин узартууну Билим берүү жана илим министрлигине сунуштады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.   Билим берүү жана илим министрилигинин басма сөз кызматы бул маселени мекемелер аралык коммиссия карап жатканын, чечим 10-январга… Кененирээк…

Бишкекте 5,5 миңден ашык абонент жарыксыз калышы мүмкүн

Бишкекте 5,5 миңден ашык абонент карыздын айынан электр жарыгысыз калышы мүмкүн. Шаардык электр тармактар ​​ишканасынан билдиришкендей, бүгүн аралыктан өчүрүү болот. Ыңгайсыздыктар болбошу үчүн жарандарга карыздарды өз убагында төлөө сунушталат.

Сокулук районунда жаңы заманбап мал базары курулат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусунун Сокулук районундагы мал базардын абалы менен таанышты. «Мен бир жыл мурун өлкөнүн бардык мал базарларында тартипти орнотуу зарылдыгы тууралуу тапшырма бергем. Көпчүлүк базарларда андан бери жагдай жакшы жагына өзгөрдү. Базарлардын администрациясы сатуучуларга жана сатып алуучуларга зарыл шарттарды түзүп… Кененирээк…

Кыргызстанда ушул жума абанын табы -38 градуска түшүшү күтүлүүдө

Кыргызстанда ушул жума абанын табы -38 градуска түшүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 9-10чу жана 11-январда түнкүсүн туруксуз аба ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир жерлерде секундасына… Кененирээк…

Энергетиктер электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү эртең мененки маалымат боюнча, 10 миллиард 700 миллион кубометрге түштү. “Электр станциялары” ишканасынан билдиришкендей, учурда суунун агып кириши чыгымга караганда үч жарым эсе аз. Мындан улам, өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.

Кытай «Эркечтам» бекети аркылуу жарандарды өткөрө баштады

Кыргыз-кытай чек арасындагы «Эркечтам» өткөрмө бекети аркылуу жарандардын өтүүсүнө бүгүнтөн тарта уруксат берилди. Кыргызстандын Чек ара кызматы билдиргендей, аталган өлкөгө кирүүнү каалагандар виза алышы керек. Белгиленгендей, Кытайга баруу үчүн ал мамлекеттин чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелеринен саламаттыгы боюнча атайын QR-код алуу талабы жокко чыгарылды.… Кененирээк…

«Тазалыктын» кызматкерлери жылуу форма менен камсыз болду

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жылуу кийимдер менен камсыз болушту. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жумушчулар үчүн 901 форма сатып алынган. Жаңы формалар жол тейлөө башкармалыгынын кызматкерлерине, айдоочуларга, ошондой эле жүктөгүчтөргө жана тазалоочуларга берилди.

Таластын Манас районунда жаңы спорт комплекси ачылды

Таластын Манас районундагы Покровка айылында жаңы спорт комплекси ачылды. Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, курулушка жалпысынан 38 миллион сом сарпталды. Каражат республикалык бюджеттен бөлүнгөн.

Таласта 10 жылдан бери бүтпөй турган мектептин курулушу аяктады

Таласта 10 жылдан бери бүтпөй турган мектептин курулушу аяктады. Кара-Буура районунун Кайнар айылындагы билим берүү мекемеси учурда окуучулар үчүн каалагасын ачты. 225 орунга чакталган жаңы мектепте бардык шарттар түзүлгөн жана керектүү жабдуулар менен жабдылган. Белгилеп кетсек, Кайнар орто мектебинин курулушу 2013-жылы башталып, ар кандай себептерден… Кененирээк…