Кыргызстанда окуучулардын кышкы эс алуусу 16-январга чейин узартылды

Кыргызстанда окуучулардын кышкы эс алуусу 16-январга чейин узартылды.

 

Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Ведомстводон белгилешкендей, бул алдыңкы күндөрдө күтүлүп жаткан катуу суукка байланыштуу кабыл алынган чара.

 

Эске салсак, базистик окуу планына ылайык, өлкө мектептеринде үчүнчү чейрек ушул жума, 11-январда башталмак.