Ленин райондук округ боюнча шайлоонун бюллетендеринин тексти 11-майга чейин бекитилет
Ленин райондук округ боюнча шайлоонун бюллетендеринин тексти 11-майга чейин бекитилет. Бул тууралуу Боршайкомдон билдиришти. Бюллетендер 23-майга чейин даяр болуп, 25-майга дейре алар тилкелерге жеткирилет. Ошондон кийин жарыштан четтөө чечимин кабыл алган талапкерлерге 100 миң сомдук күрөө акысы кайтарылбайт. Добуш берүүнүн өзү 28-майга белгиленди.… Кененирээк…