Аз камсыздалган үй-бүлөлөр үчүн электр энергиянын тарифтери өзгөрүүсүз калат. Эмгек министрлигинин маалыматына ылайык, 1-майдан кийин дагы алар бир киловатт-сааттка 50 тыйындан төлөй берет.
Андан тышкары, Жайыл, Чүй райондорунда пилоттук режимде “Нур-Кубат” долбоору ишке кирди. Программанын алкагында аз камсыздалган үй-бүлөлөргө күн батареялары орнотулат.
Кийин мамлекет алардан ашып калган электр энергиясын сатып алууну пландап жатат. Эске салсак, Кыргызстанда 1-майдан тарта электр энергиясы үчүн тарифтер кымбаттайт.