Мамлекеттик өнүктүрүү банкына Улан Сарбанов жетекчи болду

Мамлекеттик өнүктүрүү банкына жаңы жетекчи болуп Улан Сарбанов бекитилди. Мындай чечим банктын директорлор кеңешинин 18-апрелдеги жыйынында кабыл алынганын Мамлекеттик мүлк фондунун директорунун орун басары Медер Машиев “Азаттыкка” билдирди.

 

Сарбанов буга чейин Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп иштеп келген. 1992-жылдан баштап Улуттук банкта ар кайсы кызматтарды аркалаган. 1998-жылдан 2006-жылга чейин Улуттук банктын төрагасы болуп эмгектенген.

 

Сарбанов Салык консультанттарынын палатасындагы аттестациялык комиссияда жана Экономика министрлигинин алдындагы эксперттик кеңеште мүчө болгон, Улуттук илимдер академиясында, Борбор Азиядагы Эл аралык университетте, Кувейт университетинде иштеген.

Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын мурдагы жетекчиси Евгения Судец 13-апрелде өз арызынын негизинде кызматтан кетти. Ал мамлекеттик банкты 2022-жылы декабрь айынан бери башкарды. Анын жарым жыл мурда кыргыз жарандыгын алганы коомчулукта талкууланган. Мурдагы орус жараны Евгения Судец буга чейин көп жылдар бою Орусиянын ВТБ банкынын тутумунда ар кандай жетекчилик кызматтарды аркалаган

Судецтин аты мамлекеттик “Альфа Телеком” ишканасы (мурдагы MegaCom, азыркы Mega мобилдик байланыш компаниясы) 14,6 миллиард сомго бааланып, сатыкка коюлганына байланыштуу чыккан журналисттик иликтөөдө аталган.

 

“ПолитКлиника” медиасы “МЕГАны” Максим Бакиевдин жакындары башкарууну көздөп жатат” деген аталыш менен 29-мартта иликтөө жарыялаган. Анда “МЕГА” компаниясын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына сатуудагы күмөндүү жагдайлар жана бул иште Максим Бакиев менен байланышы болушу мүмкүн болгон адамдар тууралуу сөз болгон. Кирешелүү ишкана былтыр Кыргызстандын жарандыгын алган Евгения Судец жетектеген мекемеге өтөрү, анын жолдошу болушу мүмкүн деген Владимир Андросиктин Максим Бакиевге байланышы бар экени айтылган.

Судец кызматтан кеткенден кийин «Вечерний Бишкек» басылмасына берген маегинде өзүнүн жана жолдошунун Максим Бакиевге тиешеси жоктугун билдирген.

Кыргызстанда жүз пайыз мамлекеттин үлүшү менен Мамлекеттик өнүгүү банкы өткөн жылы түзүлгөн.