Быйыл Венгрияга 2 миң кыргызстандык жумушка жөнөтүлөт

Быйыл Венгрияга 2 миң кыргызстандык жумушка жөнөтүлөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

 

Маалыматка ылайык, мындай макулдашууга Будапештте өткөн кыргыз-венгер форумунун алкагында жетишилди.

 

Кыргызстандын Венгриядагы элчилиги менен Венгриянын Тышкы иштер министрлиги уюштурган форумга Кыргызстандан 25тен ашык жана Венгриядан 30дай жумушка орноштуруу агенттиктеринин өкүлдөрү катышкан.