Кыргызстанда 1-июлдан тарта пенсияны көтөрүүнүн биринчи этабы башталат

Кыргызстанда 1-июлдан тарта пенсияны көтөрүүнүн биринчи этабы башталат. Бул тууралуу «Жаңы кадам» социалдык мобилизициялоо боюнча жалпы республикалык кеңешмеде президент Садыр Жапаров билдирди.   Өлкө башчысы пенсияларды көтөрүү 2024-жылдын 1-октябрына белгиленген. «Мен Социалдык фонддун жетекчилиги менен сүйлөштүм. Андан соң пенсияларды көтөрүүнү 2024-жылдын 1-июлунан баштоо чечими кабыл… Кененирээк…

“Алтын тамга” жыйынтыктоочу аттестациясына 2 миң 211 бүтүрүүчү катышты

“Алтын тамга” жыйынтыктоочу аттестациясына 2 миң 211 бүтүрүүчү катышты. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен 149у гана билимин тастыктай алды.   Аларга артыкчылык аттестаттары тапшырылат. Тестирлөө 14-майда өттү. Талапкерлер математика, эне тил жана адабият, Кыргызстан тарыхы, химия сабактары боюнча тест тапшырды.

Бишкектеги унаа токтотуучу жайлар үчүн акы төлөө системасын өзгөртүү паландалууда

Бишкектеги унаа токтотуучу жайлар үчүн акы төлөө системасын өзгөртүү паландалууда. Тиешелүү токтом долбоору Бишкек шаардык кеңешинин сайтына жарыяланды.   Маалыматка ылайык, дифференцияланган акы төлөө системасын киргизүү унаа токтотууну тартипке келтирүүгө, жол кырсыктарынын санын кыскартууга, айлана-чөйрө, калк жана транспорт тутуму үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүүгө алып келет.   Токтом… Кененирээк…

Японияда туристтердин агымы өтө чоң болгондуктан, айрым чектөөлөр киргизилди

Японияда туристтердин агымы өтө чоң болгондуктан, айрым чектөөлөр киргизилди. Алсак, Фудзияма жанар тоосунун айланасы бийиктиги 20 метр дарбаза менен тосулду.   Анткени, аны көрүүгө саякатчылар көп келип, айлана-чөйрө булганып жатат. The Guardian маалыматы боюнча, мартта эле өлкөгө 3 миллион чет элдик турист келди.

Жол эрежесин бузган унааларды кабарлоо телефону ишке кирди

Жол эрежесин бузган унааларды кабарлоо телефону ишке кирди.   Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, жарандар  0777 102-102 WhatsApp номерине машинелерди туура эмес жерге токтотуп койгон, жол тыгындарын, жол кырсыктарын, мас айдоочуларды жана башка жол эрежелерин бузуу фактыларын сүрөт жана видеого тартып, жөнөтсө болот.… Кененирээк…

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү жаңы чекке жетти

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү жаңы чекке жетти. “Электр станциялар” компаниясынын соңку маалыматына ылайык, өлкөнүн башкы резервуарында учурда 9 миллиард кубометрден ашык суу топтолду.   Өткөн жылдын ушул мезгил аралыгына салыштырмалуу, бул дээрлик 1 миллиард метр кубка көп. Суунун орточо секундалык агып кириши 1 миң… Кененирээк…

Кыргыз-өзбек унаа заводу кийинки жумада ишке кирет

Кыргыз-өзбек унаа заводу кийинки жумада ишке кирет.   Бул тууралуу 24 агенттигине Экономика министри Данияр Амангелдиев билдирди. Анын айтымында, 28-майда унаа чогултуучу завод тесттик режимде ишке кирүүгө даяр болот.   Белгилеп кетсек, ишкана Сокулук районунда жайгашат. Анда Chevrolet, Daewoo жана Isuzu үлгүсүндөгү машинелерди чогултулат. Баштапкы этапта… Кененирээк…

Жалал-Абадда кооптуу аймакта жашаган үй-бүлөлөр көчүрүлөт

Жалал-Абадда кооптуу аймакта жашаган үй-бүлөлөр көчүрүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, өлкө аймагында күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Сузак районунун Баймаала тилкесинде жашагандарды  коопсуз жайга көчүрүү тапшырмасы коюлду. Атайын комиссия бул талаптын аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.   Белгилеп кетсек, Жалал-Абад облусунун аймагында табигый… Кененирээк…

Улуттук банк 31 миллион 500 миң доллар сатып алды

Улуттук банк 31 миллион 500 миң доллар сатып алды. Бул тууралуу банктын сайтында маалымдалат. Өлкөнүн башкы каржы мекемеси  ушуну менен жыл башынан бери 7-ирет интервенция өткөрүүдө.   Эске салсак, бул каржылык операция валюта серпилүүсүн токтотуу максатында жасалат. Соңку күндөрү доллардын куну солгундап, сомдун бекемделиши байкалууда.

“Автонасыялоону жеңилдетилген каржылоо” долбоорун ишке ашыруу тартиби бекитилди

“Автонасыялоону жеңилдетилген каржылоо” долбоорун ишке ашыруу тартиби бекитилди. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.   Документке ылайык, долбоорду ишке ашырууга катышуучу эки мамлекеттик банкка 47 миллион сомдон бөлүнөт.   Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жактар жана жеке ишкерлерге  100… Кененирээк…