Кыргызстанда 1-июлдан тарта пенсияны көтөрүүнүн биринчи этабы башталат

Кыргызстанда 1-июлдан тарта пенсияны көтөрүүнүн биринчи этабы башталат. Бул тууралуу «Жаңы кадам» социалдык мобилизициялоо боюнча жалпы республикалык кеңешмеде президент Садыр Жапаров билдирди.

 

Өлкө башчысы пенсияларды көтөрүү 2024-жылдын 1-октябрына белгиленген.

«Мен Социалдык фонддун жетекчилиги менен сүйлөштүм. Андан соң пенсияларды көтөрүүнү 2024-жылдын 1-июлунан баштоо чечими кабыл алынды. Ошондон кийин минималдуу пенсиялык төлөм 6 миң 800 сомдон кем болбойт. Бул багыттагы иштерибизди уланта беребиз социалдык төлөмдөр, жөлөк пулдарды да жашоо минимумунан көтөрүу үчүн аракеттер көрүлөт «, — деди Садыр Жапаров.

 

Социалдык фонд ушул жылдын январь-апрель айларында 23 миң 928 жаранга пенсия дайындалып, чектелгенин билдирген. Анын ичинде апрель айында 5514 жаранга пенсия чектелди.

 

Андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 1282 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялары кайрадан эсептелинди.