Японияда туристтердин агымы өтө чоң болгондуктан, айрым чектөөлөр киргизилди. Алсак, Фудзияма жанар тоосунун айланасы бийиктиги 20 метр дарбаза менен тосулду.
Анткени, аны көрүүгө саякатчылар көп келип, айлана-чөйрө булганып жатат. The Guardian маалыматы боюнча, мартта эле өлкөгө 3 миллион чет элдик турист келди.