Бишкектеги унаа токтотуучу жайлар үчүн акы төлөө системасын өзгөртүү паландалууда

Бишкектеги унаа токтотуучу жайлар үчүн акы төлөө системасын өзгөртүү паландалууда. Тиешелүү токтом долбоору Бишкек шаардык кеңешинин сайтына жарыяланды.

 

Маалыматка ылайык, дифференцияланган акы төлөө системасын киргизүү унаа токтотууну тартипке келтирүүгө, жол кырсыктарынын санын кыскартууга, айлана-чөйрө, калк жана транспорт тутуму үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүүгө алып келет.

 

Токтом боюнча, парковка акысы 10 сом, ал эми муниципалдык унаа токтотуу жайларындагы орун үчүн 25 сом деп бекитилген.