“Социалдык келишим” долбоорунун алкагында Чүй облусунун Аламүдүн районундагы 146 аз камсыздалган үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилди

“Социалдык келишим” долбоорунун алкагында Чүй облусунун Аламүдүн районундагы 146 аз камсыздалган үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, эки жылдын ичинде аталган райондо 109 бизнес долбоор, алардын басымдуу бөлүгү айыл чарбасында, өндүрүштүк сектордо, кызмат көрсөтүү… Кененирээк…

Бишкек жана Чүйдө катуу шамал болот

  Жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында, Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, катуу шамал болот.   Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлүүдө.

Улуу Британияда футбол боюнча кураманын Евро чемпионатынын финалында ойногонуна байланыштуу транспорт менен маселелер жаралды

Улуу Британияда футбол боюнча кураманын Евро чемпионатынын финалында ойногонуна байланыштуу транспорт менен маселелер жаралды.   Кечээ өлкөдө жүздөгөн поезд каттамдары токтоп калган, анткени, темир жолдун кызматкерлери жана машинисттер финалды көрүү үчүн иш таштаган.   Эске салсак, түндө чечүүчү беттеште Англия курамасы Испания футболчуларына 2:1 эсебинде… Кененирээк…

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жаңы мектептин курулушу уланууда

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жаңы мектептин курулушу уланууда.   Архитектура, курулуш жана коммуналдык турак-жай мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, Чолок-Кайың айылында жайгашкан окуу имараты  275 окуучуга чакталат.   Курулушка каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн. Ведомстводон белгилешкендей, буга чейинки мектептин имараты 40 мурда салынып, анда оңдоо иштери жүргүзүлбөгөндүктөн,… Кененирээк…

Ош шаарынын селден жабыркаган аймактарына таза суу берүү кечкиге чейин жанданат

Ош шаарынын селден жабыркаган аймактарына таза суу берүү кечкиге чейин жанданат. Бул тууралуу 24 агенттигине түштүк калаа мэриясынан ишендиришти.   Белгилеп кетсек, кечээ жүргөн сел электр подстанцияларын жана насос станцияларын жууп кеткен. Жыйынтыгында таза суу берүү үзгүлтүккө учурады. Тиешелүү кызматтар сууну сордуруп жатат.

Ак-Буура дарыясынан аял кишинин сөөгү табылды

Бүгүн, 15-июлда саат 11:30 чамасында Ош шаарынын Катта-Терек участкасында Ак-Буура дарыясынан аял кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.   Учурда дарыядан табылган жарандын өздүгүн тактоо иши жүрүүдө.   Буга чейин сел агызып кеткен 7 жашар кыздын сөөгү Өзбекстандын аймагынан табылган. Министрлик дагы… Кененирээк…

Ош облусунда 5 миң 100 абонентке электр жарыгын берүү жанданды

Ош облусунда 5 миң 100 абонентке электр жарыгын берүү жанданды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Андан такташкандай, сел жүрүп жалпысынан аймакта 7 миң 500 керектөөчү жарыксыз калган.   Учурда агып кеткен мамыларды калыбына келтирүү, авариялык оңдоо иштери жүрүп жатат. Андан тышкары, энергетиктер подстанцияларды тазалоодо.  … Кененирээк…

Селден улам Жалал-Абад — Казарман, Ноокат — Араван, Мырзаке — Кара-Шоро жолдору убактылуу жабык

Селден улам Жалал-Абад — Казарман, Ноокат — Араван, Мырзаке — Кара-Шоро жолдору убактылуу жабык турат. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, жеринде аймакты тейлеген жолчулар жана атайын техника иштеп жатат. Ак-Терек-Папан-Кожокелең, Ош-Төлөйкөн, Топ-Жаңгак-Кара-Суу, Бишкек-Ош, Ош-Баткен-Раззаков, Ош-Сары-Таш-Эркечтам жана башка сел жүргөн унаа жолдор тазаланып, каттам берилди.… Кененирээк…

Ош шаарында селден 146 турак-жай жана бир бала бакча жабыркады

Ош шаарында селден 146 турак-жай жана бир бала бакча жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Ал эми Кара-Суу районунун Мады, Датка, Баш-Булак айылдарында суу 642 үйдү, 9 социалдык объектти суу каптады.   Андан тышкары, 4 мектеп, 1 бала бакча, эки оорукана, музей жана ФАП… Кененирээк…

Испания курамасынын жарым коргоочусу Родри Германияда жыйынтыкталган Европа чемпионатынын мыкты оюнчусу деп аталды

Испания курамасынын жарым коргоочусу Родри Германияда жыйынтыкталган Европа чемпионатынын мыкты оюнчусу деп аталды. Бул тууралуу УЕФА билдирди.   Кечээ чечүүчү беттеште Испания Англия курамасын 2:1 эсебинде утуп алды. Команда турнирди ушуну менен төртүнчү ирет жеңди, бул рекорддук көрсөткүч. Финалдык оюндун мыкты оюнчусу – Нико Уильямс.… Кененирээк…