Индияда кол саат рекорддук сандагы бриллиант таштар менен кооздолду

Индияда кол саат рекорддук сандагы бриллиант таштар менен кооздолду. Жалпысынан ага 17 миң 500 асыл таш чапталды. Дээрлки бардыгы ак түстүү таштар болсо, 12си кара бриллиант.

 

Зергерлерге мындай санда керектүү көлөм жана салмактагы таштарды табуу кыйынчылыкка турду. Жыйынтыгында, кол сааттын салмагы 30 граммдан ашты. Ал толук кандуу колдонууга даяр. Бирок 17 миң бриллиант менен кооздолгон сааттын баасы такталбайт.