Байтик баатыр көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылат

Бишкекте 10-июлда Байтик баатыр көчөсүнүн Медеров көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейинки бөлүгүн ачуу пландалууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган тилкеде учурда бир катмар асфальт басылды. Экинчи катмар асфальт төшөлүп, жол белгилери чийилгенден кийин, аталган бөлүк ачылат.   Белгилеп кетсек, Байтик баатыр/Абдрахманов көчөсү Жибек-Жолу проспектисине чейин оңдолот. Буга чейин… Кененирээк…

Ысык-Көлдө чагылгандан 250 кой өлдү

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Саз айылында чагылган түшүп, 250 баш кой өлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.   Маалыматка ылайык, жаратылыш кырсыгы 7-июлда Жазы-Кечүү жайлоосунда болгон.   Министрлик Кыргызстанда 8-июлдан 12-июлга чейин нөшөрлүү жамгыр жаап, аба ырайы туруксуз болорун эскертип жатат.… Кененирээк…

Москвада кароосуз калган төрт ымыркай Кыргызстанга кайтарылды

Москва шаарынан ата-энесинин камкордугусуз калган 2 айдан 10 айга чейинки төрт ымыркай Кыргызстанга кайтарылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.   Балдарды кайтаруу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин консулдук бөлүмү жана Саламаттык сактоо министрлигинин жардамы менен уюштурулган.   «Министрлик балдарды биологиялык үй-бүлөлөрү менен бириктирүү… Кененирээк…

Бишкекте троллейбустардын кыймылы өзгөртүлдү

Бишкекте троллейбустардын кыймылы өзгөртүлдү. Муниципалитеттен билдиришкендей, мунун себеби шаарда жолдорду капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу.   Ага ылайык,  №2, №4 жана №7 троллейбус каттамдарынын кыймылы убактылуу токтотулду. Учурда эки гана троллейбус каттамы — №11 жана №14 жүрүүдө.   Эске салсак, учурда Абдырахманов көчөсүнүн Чүй проспектиси менен… Кененирээк…

Ташиев менен Ятимов Тажикстанда жолукту

Тажикстандын Согд облусундагы Бустон шаарында Кыргызстандын жана Тажикстандын атайын кызматтарынын төрагалары — кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча өкмөттүк делегациялардын тең төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жолугушту. Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайда өттү.   Тараптар кыргыз-тажик… Кененирээк…

Токтогулдагы суунун көлөмү дээрлик 11,3 млрд куб метрди түздү

Бүгүн, 8-июлга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 11 млрд 275 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.   Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 660 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 431куб метрди түзүүдө.   Ушул жана башка… Кененирээк…

Гоголь көчөсүнүн Бөкөнбаев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү толугу менен жабылат

Бүгүнтөн тарта Гоголь көчөсүнүн Бөкөнбаев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү толугу менен жабылат. Муниципалитеттен билдиришкендей, мунун себеби магистралдык жылуулук тармагын реконструкциялоого байланыштуу.   Жумуштар «Бишкекжылуулуктармагы» ишканасынын өздүк каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүдө. Оңдоо иштерин 20-августка чейин бүтүрүү пландалууда.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм… Кененирээк…

Бишкектен «Манас» эл аралык аэропортуна автобус каттай баштайт

Бишкектен «Манас» эл аралык аэропортуна №153 экспресс-автобус каттай баштайт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.   Каттам Бишкектин 12-кичи районунан чыгып, акыркы аялдамасы «Манас» аэропорту болот. Рейске 17 автобус бөлүнгөн.   Автобустардын жүрүү интервалы 10-12 мүнөттү түзөт. Жолгире накталай 140 сом, карта менен төлөөчүлөр үчүн 122 сом.… Кененирээк…

Ысык-Көлдө селден улам 145 эс алуучу эвакуацияланды

Кечээ, 5-июлда саат 20:30 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл аймагына караштуу Корумду айылындагы «Нептун» пансионатынын жанында жайгашкан каналдагы көпүрөдөн суу ашып, пансионатты каптаган. Жерине Ысык-Көл району боюнча ӨКБдан 15 куткаруучу 2 мотопомпа, РИИБден 10 кызматкер, жергиликтүү башкаруу органдарынан 30 кызматкер жана… Кененирээк…

Улуттук банк шылуундардан сак болууга чакырат

Акыркы убактарда шылуундар активдешип, социалдык тармактар жана мессенджерлер аркылуу Улуттук банктын жана «Кыргызнефтегаздын» атынан акча берилет деген билдирүүлөр тарап жатат. Мындай маалымат жалган деп билдирет Улуттук банк.   Финансылык жөнгө салуу органынан белгилешкендей, бул ирет белгилүү телеканалдардын биринин видеосун монтаждап, алдамчылар Улуттук банк «Кыргызнефтегаз» менен… Кененирээк…