Бишкекте спорттун улуттук түрлөрү боюнча республикалык оюндар башталды

Бишкектеги “Ак-Кула” ат майданында спорттун улуттук түрлөрү боюнча республикалык оюндар башталды.

Мелдеш Нооруз майрамына арналып, жазгы күн менен түн теңелгенге чейин уланат.

Анын алкагында көк бөрү, салбуурун, кыргыз күрөш жана башка спорт түрлөрү боюнча мыктылар аныкталат.

Көк бөрү боюнча мелдеш 15-мартта башталат.

Ага 12 команда катышат.

Финалдык беттеш 21-мартта болорун Маданият министрлиги билдирди.