Бишкекте дээрлик үч миң батирлүү ипотекалык үй курула баштады

Бишкекте дээрлик үч миң батирлүү ипотекалык үй курула баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришти.   Анын жалпы аянты дээрлик 13 гектарды түзөт. Тогуз кабаттан турган 51 блок үйдө 2 миң 990 батир болот.   Ошондой эле комлексте мектеп, бала бакча, спорт жана балдар аянтчалары,… Кененирээк…

Дене тарбия жана спорт академиясынын ректору пара менен кармалды

Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору опузалап акча талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.   Маалыматка ылайык, атайын кызмат ректордун 100 миң сом талап кылганын аныктаган. «Аталган академиянын ректору А.С.С. көрсөтүлгөн сумманы Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү, 97 дареги боюнча Кыргыз мамлекеттик… Кененирээк…

Акылбек Жапаров медицина кызматкерлерине 26 унаанын ачкычын тапшырды

 7-июль – Медицина кызматкерлеринин күнүнө карата Бишкекте министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөнүн медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.   Министрлер кабинетинин төрагасы медиктерге 2024-жылы чыгарылган Toyota HILUX үлгүсүндөгү 26 пикаптын ачкычын тапшырды. Ал медицина кызматкерлеринин эмгеги эң маанилүү, баа жеткис жана татаал экенин белгиледи.… Кененирээк…

Бишкектин четиндеги Пригородное айылы тарапта жаңы шаарчанын курулушу башталды

Бишкектин четиндеги Пригородное айылы тарапта жаңы шаарчанын курулушу башталды. Батыш автобекети, “Ош” базары дал ушул шаарчага көчүрүлүп, турак үйлөр да түшөт.   Аймактын жалпы аянты 162 гектарды түзүп, сунушталган участок соода, өнөр жай жана турак жай болуп үч чоң зонага бөлүнөт.   Эскизге ылайык, жаңы… Кененирээк…

БШК бир мандаттуу эки округдагы шайлоонун жыйынтыгын чыгарды

Борбордук шайлоо комиссиясы бир мандаттуу №36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча шайлоодо Айжигит Тыналиевди жана бир мандаттуу №29 Свердлов шайлоо округу боюнча шайлоодо Жумабек Салымбековду жеңүүчү деп тапты.   Бул тууралуу маалымат БШКнын сайтына жарыяланды. 30-июнда №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо… Кененирээк…

Бүгүн футбол боюнча Европа чемпионатынын жарым финалга чыккан алгачкы курамалары белгилүү болот

Бүгүн футбол боюнча Европа чемпионатынын жарым финалга чыккан алгачкы курамалары белгилүү болот.   Бишкек убактысы боюнча кечки саат 10до “Мерседес-Бенц Аренасында” Испания – Германия курамаларынын беттеши башталат.   Түнкү саат 1де оюн талаасына Португалия – Франция футболчулары чыгат.  Жеңишке жеткен командалар жарым финалда ойнойт.  … Кененирээк…

Бишкекте Исанов көчөсү капиталдык оңдоо иштеринен кийин ачылды

Бишкекте Исанов көчөсү капиталдык оңдоо иштеринен кийин ачылды. Кеп анын Ташкент көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки тилкеси тууралуу болуп жатат.   Мэриядан билдиришкендей, аталган участок ремонттон кийин унаа кыймылы үчүн ачылды.   Бул жерде асфальттын жаңы эки катмары төшөлүп, ирригациялык система орнотулуп, тротуарлар курулуп, жол… Кененирээк…

Чүй облусунда эки завод курулат

Чүй облусунда эки завод курулат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин жыйынынын жүрүшүндө белгилүү болду.   Биринчиси Сокулук районунда пайда болот. Мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн кайра иштетүү боюнча завод курулуп, 250 жаңы жумуш орду түзүлөт.   Бул үчүн 1,5 гектар жер трансформацияланды. Ошондой эле Кара-Балта шаарында “Полиэстр жана лайкр… Кененирээк…

Лейлек районунун Лейлек айыл аймагында сел кесепеттерин жоюу иштери толугу менен аяктап, кырдаал турукташкандыгына байланыштуу өзгөчө кырдаал режими алынды

Лейлек районунун Лейлек айыл аймагында сел кесепеттерин жоюу иштери толугу менен аяктап, кырдаал турукташкандыгына байланыштуу өзгөчө кырдаал режими алынды.   Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Белгилеп кетсек, 24-июнда нөшөрлүү жаандан улам аталган айыл аймакта сел жүрүп, 26-июнда өзгөчө кырдаал режими жарыяланган болчу.

Кыргызстан Олимпиада оюндарына дагы бир лицензия ээледи

Кыргызстан Олимпиада оюндарына дагы бир лицензия ээледи. Мелдештерге катышуу квотасын Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курамасынын мүчөсү Елизавета Печерских алды.   Ал эркин стилде 50 метр аралыкка сүзүү боюнча күчүн сынайт. Учурга карата өлкө капчыгында 16 лицензия бар, алар күрөш, жеңил атлетика, сууда сүзүү, дзюдо жана… Кененирээк…