27-сентябрдан тарта Бишкектен Талас, Нарын жана Караколго аба каттамдар ачылат.
“Манас” эл аралык аэропортунун басма-сөз кызматынан билдиришкендей, Ички каттамдар Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясы тарабынан аткарылат.
Билеттердин баасы 2 миң сомдон башталат. Жүргүнчүлөр үчүн бир нече тарифтер сунушталат. Жакынкы арада Канададан 80 орундуу үч учактын келиши күтүлүүдө.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.