Балыкчы – Кочкор – Эпкин унаа жолунун курулушу ушул жылы жыйынтыкталат

Балыкчы – Кочкор – Эпкин унаа жолунун курулушу ушул жылы жыйынтыкталат. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө карата трассанын дээрлик 57 чакырымына асфальт төшөлдү.

 

Ведомстводон эске салышкандай, кытайлык компания менен жолдун курулушу боюнча келишим 3 жыл мурда жетишилген.

 

Аткаруучу компания иштерге 100дөн ашык атайын техника тартып, жеринде 2 асфальт-бетондук завод ачты.