Күйүүчү-майлоочу майдын баасы литрине 2,5-3 сомго кымбатташы мүмкүн

Кыргызстанда ушул айда күйүүчү-майлоочу майдын баасы литрине 2,5-3 сомго кымбатташы мүмкүн. Мындай божомолду Мунай ташуучулар ассоциациясы билдирет. Алар Санкт-Петербургдун товардык биржасында бензиндин баасы ушул жылдын май айында тарыхый максимумга жаңыланып, тоннасына 61 миң рублдан ашык болгондугун эске салышты.

 

Россия бийлиги бензиндин тартыштыгын жана ички рынокто баанын өсүшүн улантпоо үчүн экспортко убактылуу тыюу салууну талкуулоодо. Мындан улам, учурда Кыргызстандын жеткирүүчүлөрү июнь айына карата ресурс менен камсыз кылууда кыйынчылыктарга дуушар болуп жатат.

 

Бирок мунай ташуучулар баанын кескин жогорулашына жол бербөө аракетин көрүүдө, — деп айтылат маалыматта.