Корея Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананы жакшыртууга 27 миллион доллар бөлүп берет

Корея Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананы жакшыртууга 27 миллион доллар бөлүп берет.

 

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиев билдирди.

 

Анын айтымында, каражат 40 жылга насыя катары берилет. Сумма 130 орунга чакталган кошумча корпусту курууга, заманбап жабдууларды сатып алууга, оорукананын маалыматтык системасын түзүүгө жана медициналык персоналды окутууга жумшалат.