Кыргызстанда 2,5 миллиондон ашык бала бар

Кыргызстанда 2,5 миллиондон ашык бала бар. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, алардын 51 пайызын эркек балдар түзөт. 18 жашка чейинки кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү айыл жеринде жашайт.

 

Мекеме өлкөдө жугуштуу ооруларды азайтуу максатында профилактикалык эмдөөлөрдү жүргүзүү боюнча тынымсыз иштер жүрүп жатканын белгилейт. Мындан сырткары ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдар да көңүл сыртында эмес.