Ноокен районунун Масы айылында 150 орундуу жеке менчик мектеп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, башталгыч класстар үчүн билим берүү мекемеси кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун каржылык насыясы менен курулду.
Мындан сыртканы, аталган фонд айылдагы жеке менчик медициналык борбордун заманбап жабдыктарын алууга көмөк көрсөткөн.