Азия оюндары: Нурзат Нуртаева күмүш медаль утту

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Нурзат Нуртаева Азия оюндарында күмүш медалга татыды.

 

Финалдык беттеште Нуртаева кытайлык спортчу Фенг Чжоу менен кез келип, 2:13 эсебинде жеңилүү ызасын тартты.

 

Аталган мелдешке Нурзат Нуртаева 68 кг салмак ченинде, 4/1 финалдан тарта катышып, алгачкы атаандашы казакстандык Елена Шалыгинаны 8:7 эсебинде жеңип, жарым финалга чыкты. Жарым финалдык беттеште кыргыз балбаны монголиялык Делгермаа Энхсайханды 10:8 эсебинде артта калтырды.