Айпери Медет кызы Кытайда өтүп жаткан XIX Азия оюндарында алтын медаль утуп алды. Алтын үчүн беттеште ал казакстандык спортчу Жамиля Бакбергенова менен күч сынашып, 7:4 эсебинде жеңишке жетти.
Дагы бир балбан Нурзат Нуртаева күмүш медаль утту. Ал финалда кытайлык спортчу Фенг Чжоу менен беттешип, 2:13 эсебинде жеңилүү ызасын тартты.
Ал эми Айсулуу Тыныбекова аталган оюндарда коло медалга татыды. Коло үчүн беттеште ал казакстандык балбан Ирина Кузнецованы 2:1 эсебинде жеңди.