Лионель Месси эми ПСЖ үчүн ойнобойт. Бул анын француз клубундагы акыркы сезону, деп жергиликтүү басылмалар жазышты. Аргентиналык оюнчу Сауд Арабияга которулат деген божомолдор тарап жатат.
Анын жакындарынын айтымында, Месси “Аль-Хиляль” клубунун сунушун кабыл алды. Муну менен дайымкы атаандаштар Криштиану Роналду менен Лионель Месси кайрадан бир лигада лидерликти талашат. Роналду кышында “Аль-Наср” клубуна өткөн.