Кыргызстанда 300гө жакын турак жай жана коммерциялык обьектинин курулушу мыйзамсыз деп табылды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев билдирди.
Анын айтымында, мыйзамсыз курулуштардын 90%ы жеке менчик жерлерге жайгашкан.
Белгиленгендей, мекеме Кыргызстанда уруксатсыз салынган курулуштарды текшерүү ишин улантат.