Бишкекте 17 тез тамактануучу жай жабылды

Бишкекте коомдук тамактануучу жайларды текшерүүдөн кийин 17 соода түйүнү жабылды. Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, 4-октябрда башталган рейддин алкагында жалпысынан 170 субъект текшерилди.

 

Санитардык талаптарды сактабаганы үчүн объектилерге 200 миң сомдон ашык айып салынган.

 

Эске салсак, ордо калаада бир нече массалык уулануулар катталып, ага сапатсыз гамбургер жана шаурма себеп болгону аныкталган.