Боом капчыгайында таштарды атайлап түшүрүү иштери улантылат

Келерки аптада Боом капчыгайында таштарды атайлап түшүрүү иштери улантылат. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, жумуш аба ырайынын шарттарын эске алуу менен 6-ноябрдан 10-ноябрга чейин жүргүзүлөт.

 

Таштар эртең мененки саат 9дан күндүзгү 3кө чейин түшүрүлөт, ошондуктан бул убакта Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 118-чакырымы унаа кыймылы үчүн жарым-жартылай жабылат. Машинелер бир тилкеде гана жүрө алат.