Ошто кылмышка айыпталуучуларды онлайн көзөмөлдөө пилоттук режимде иштеп баштады

Ошто кылмышка айыпталуучуларды онлайн көзөмөлдөө пилоттук режимде иштеп баштады. Пробация департаментинин маалыматына караганда, бул система Бишкектин айрым райондорунда да иштеп жатат.

 

Бүгүнкү күндө билериктер 17 адамга тагылса, мобилдик тиркеме 15 шектүүнүн телефонуна орнотулган.

 

Электрондук байкоо суткасына 24 саат адамдын кыймылын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.