Чүй облусунун 3 районунда 13 кичи ГЭС курулууда. Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, иштер Ысык-Ата, Сокулук жана Москва райондорунда жүрүп жатат.
Айрым объектилер ушул жылы колдонууга берилет. Министрликтен белгилешкендей, кичи ГЭСтер энергетика тармагындагы жетишсиздикти кыскартууга жардам берет. Андан тышкары, керектөөчүлөргө берилген электр энергиясынын сапаты жакшыртылат.